Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Күч министрлери кызматтан кетиши ыктымал


БИШКЕК. Ушул айдын 24ү же 25инде Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп, анда өлкөдө кылмыштуулуктун күч алышы, ага каршы күрөштүн начардыгы жана күч органдарындагы коррупция маселеси каралат. Мындай маалыматты бүгүн «Вечерний Бишкек» гезити жазып, күч министрликтеринин бир катар жетекчилери кызматтан алынат деген маалымат бар экендигин да билдирди. Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев азырынча андай маалымат жок экендигин жана Коопсуздук кеңештин жыйыны качан болору азырынча белгисиз экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG