Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Коалиция «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук кошуундун аракетинен майнап чыгаарына ишенбейт


БИШКЕК. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы «Адилет шайлоо үчүн» кошуундун түзүлгөндүгүнө байланыштуу бүгүн билдирүү таратты. Анда коалиция парламенттик жана президенттик шайлоонун адилет өтүшү үчүн түзүлгөн кошуундун аракетин колдоорун билдирди.

Бирок коалиция Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов башында турган кошуундун шайлоонун адилет өтүшүнө таасир берерине күмөн санай тургандыгын жарыя кылды. «Мисир Ашыркулов 2005-жылдагы шайлоонун калыс өтүшүнө таасир берип, коомдун ишенимине толгон саясатчы болорун же трояндыктардын атындай кызмат кылаарын мезгил көрсөтөт» дейт коалиция.

Билдириүүдө Мисир Ашыркуловдун калыс шайлоо өткөрүү аракетине анын 1999-2000-жылдары Феликс Кулов, Топчубек Тургуналиев, Жалгап Казакбаевди куугунтуктоого катышы бардыгы жана Коопсуздук кеңештин катчысы катары 2000-жылдагы Аксы окуясына саясий баа бербегендиги көлөкө түшүрөөрү белгиленди. Андан тышкары билдирүүдө Аксы окуясынын Ашыркулов өзү айткандай бийик идеалдардын деңгээлинде иликтенишине таасир тийгизе албагандан кийин Коопсуздук кеңеш катчылыгы кызматынан дароо баш тартууга тийиш экендиги айтылган.

XS
SM
MD
LG