Ахмед Неджет Сезер бүгүн Анкарада грузин президенти Михаил Саакашвили менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн кийин белгилегендей, Грузиянын Абхазия жана Түштүк Осетия менен талашын тынч чечүүсү жалпы Кавказ үчүн пайдалуу. Михаил Саакашвили болсо Түркияга Грузиянын бүтүндүгүн колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Ал иш сапары учурунда Түркиянын башка расмий адамдары менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бул жердеги грузин жамааты менен жолукмакчы.