Бул тууралуу бүгүн Тайвандын дагы бир мөөнөткө шайланган президенти Чэнь Шуйбянь билдирди. Ал ант берүү аземинде сүйлөгөн учурунда белгилегендей, Тайвань Кытай менен такай жакшы санаалаштык мамиледе болууну калайт. Ага катар Чэнь Шуйбянь Тайвандын Конституциясы эскиргендиктен, аны өзгөртүүнү пландап жатканын кошумчалады.
Кытай Тайванды өзүнүн бир бөлүгү катары эсептейт. Пекиндин пикиринде, Конституциянын өзгөртүлүшү расмий түрдө Тайвандын көз карандысыздыгын жарыялоого алып барышы мүмкүн.
Кытай Тайванды өзүнүн бир бөлүгү катары эсептейт. Пекиндин пикиринде, Конституциянын өзгөртүлүшү расмий түрдө Тайвандын көз карандысыздыгын жарыялоого алып барышы мүмкүн.