Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:50

Сот Марван Баргутини израилдиктердин өлүмүнө тиешеси бар деп тапты


Сот өкүмүн жарыялоо 6 -июнга белгиленди. Израилдин соту палестиналык белгилүү ишмер Марван Баргутини беш адамдын өлүмүнө алып келген кол салуу үчүн тикелей жоопкер деп эсептейт. Прокурорлор аны өмүр бою түрмөгө камоону суранган.
Палестин парламентинин депутаты, "Фатх" кыймылынын Иордандын Батыш жээгиндеги бөлүмүн жетектеген Баргути мындан эки жыл мурда камакка алынган эле. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. Палестин тараптын пикиринде, Израилдин аракети мыйзамсыз. Палестин лидери Ясир Арафаттын кеңешчиси Набил Абу Рдейне мындай деди:

- Бул Израил өкмөтүнүн мыйзамсыз аракети. Алар Баргути мырзаны соттоого укуктуу эмес жана биз муну Израилдин палестиндерге каршы жасаган дагы бир кылмышы деп эсептейбиз.

Жөөт аскерлеринин Газа секторундагы бүгүнкү чабуулу учурунда дагы беш палестин мерт болду. Кечээ БУУнун Коопсуздук кеңеши Израилдин Газа секторундагы аракеттерин айыптаган резолюция кабыл алган.

XS
SM
MD
LG