Чехиянын премьер-министри Владимир Шпидланын айтымында, Кытайга Чехиядан жаңы радар сатуу боюнча контракт жокко чыгарылат. Ал радарды өндүргөн "Омнипол" компаниясына үстүбүздөгү жылдын январында экпорттук лицензия берилген, бирок эми өкмөт ал лицензиянын күчүн кетирүүдө. Жаңы радар - атактуу "Тамара" аттуу радардын кайрадан иштелип чыккан үлгүсү, "Тамаранын" болсо - башка радарлар кармай албаган америкалык "Стелс" учагын дагы кармоого кудурети жетет.