Израил аскерлери кечээ күнү Газа тилкесинде дагы жети арабды өлтүрдү. Өкмөттүн айтымында, террорчуларды издөө максатында эки башка чабуул жасалган. Бир аптанын ичинде Газада кырктан ашык араб курман болду, алардын ону - 20-май күнү Рафах шаарындагы демонстрацияга каршы ок атылганда өлдү. Европа Биримдигинин учурдагы төрагасы Ирландия жөөттөрдүн аракеттерин катуу сынга алган жана Израилдин Тышкы иштер министрлиги кечээ күнү ал сын тууралуу тынчсызданганын билдирди.