Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Бишкекте кыргыз-жапон борбору ачылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте кыргыз-жапон борбору ачылды. Аны ачуу аземине президент Аскар Акаев, Жапониянын эл аралык өнүгүү агенттигинин вице-президенти Мацуока Казухиса жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Адамды өнүктүрүү боюнча кыргыз-жапон борбору Кыргызстанда 1995-жылы түптөлгөн жапон борборунун негизинде ачылып, Жапониянын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин техникалык кызматташуу боюнча долбоору болуп калды. Борбор эки өлкө калкынын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү тереңдетип, жапон тили менен Жапониянын технологиялык жетишкендиктерин билген кыргыз адистерин даярдоо максаты менен ачылды.

XS
SM
MD
LG