БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү жасалма жол менен өндүрүлгөн жана башка өлкөлөрдөн ташылып келинген спирт ичимдиктери менен йоддолгон туздун Кыргызстандын аймагында сатылышына тыюу салуу тууралуу токтом чыгарды. Ага ылайык 2004-жылдын 1-августунан баштап Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн жана башка өлкөлөрдөн ташылып келинген спирт ичимдиктери менен йоддолгон тузга атайын коргоочу марка коюлат. Ошондой эле өкмөттүн токтомуна ылайык буга чейин мындай тамак-аш продуктыларын көп өлчөмдө өндүрүп сатып келген ишканаларга өз товарын эч кандай белгиси жок эле 2004-жылдын 1-ноябрына чейин сатууга уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.