Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары жолугушту


БАТКЕН. Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев баштаган топ Тажикстандын премьер- министри Акил Акиловду эртең менен Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун чегинен тосуп алды. Андан ары өкмөт башчылар Баткендеги «Манас» тарыхый-маданий комплекс менен таанышты. Сапар андан ары жогорку чыңалуудагы Баткен-Канибадам электр линиясы тартыла турган Айгүлташ подстанциясы менен таанышуу аркылуу уланды. Ал жерде чакан маалымат жыйыны өтүп, анда эки өлкөнүн өкмөт башчылары Баткен-Канибадам долбоору эки өлкөнүн ортосундагы алгачкы кызматташтык долбоору экенин белгилешти. Мындан сырткары бул жолугушууда Ош-Исфана жолунун Тажикстан айылдарына кирбей өтүүчү бөлүгү үчүн тажик тарап өз аймагынан жер бөлүп берүү маселеси да чечилери козголду. Сапар андан ары Тажикстандын Канибадам шаарында уланып, өкмөт башчылар аталган долбоордун алкагындагы алгачкы электр станциясынын жерпайын түптөөгө катышты. Ал эми Хожент шаарында бул маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, эки тараптуу макулдашууга кол коюлду.

XS
SM
MD
LG