Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Тактала элек чек ара аймактарына көзөмөл күчөтүлөт


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү мамлекеттик чек ара сызыктарына көзөмөлдү күчөтүү боюнча токтом кабыл алды. Ага ылайык коңшулаш өлкөлөр менен тактала элек чек ара аймактары бар район, айыл өкмөтү, шаар, областтардын тизмеси такталып, талаштуу чек ара аймактарына көзөмөл күчөтүлөт. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, мындай иш чара соңку мезгилдери тактала элек талаштуу жерлерге коңшулаш өлкөлөрдүн өз алдынча чек ара бекеттерин орнотуусунан улам болду.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын 17-майдагы отурумунда Өзбекстандын бийлиги Жалалабад облусунун Аксы районунун аймагындагы Хараша чек ара бекетин Кербен айылын көздөй 4 чакырымга өз алдынча жылдырып, жаңы чек ара бекетин куруп жаткандыгы айтылган.

XS
SM
MD
LG