Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Адам укуктарын жана Конституцияны сактоочу комитет түзүлөт


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны тыңшоочу аппараттар боюнча маалыматты өлкө президентине жолдоп, аны жасагандарга каршы атайын чара көрүүнү өтүнөт. Бул тууралуу палата спикеринин орун басары Кубат Байболов билдирди. Ал эми мыйзамдуулук, сот жана укук маселелери боюнча комитеттин төрагасы Азимбек Бекназаров тыңшоочу аппараттар боюнча маселени иликтеген комиссия туруктуу комитетке айландырылып, тутумуна саясий партиялар менен фракциялардын палатадагы өкүлдөрү киргизилээрин билдирди. Анын айтымында, адам укуктары менен Конституцияны бузуу фактылары дайыма эл өкүлдөрүнүн көз алдында болуп, аны коомчулук билип турууга укуктуу.

XS
SM
MD
LG