Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Улуттук коопсуздук кызматы аппараттарды койбогонун айтууда


БИШКЕК. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов Улуттук коопсуздук кызматы депутаттарды, айрым бейөкмөт уюмдар менен саясатчыларды аңдуу иштерин жүргүзгөн эмес жана бир дагы депутат боюнча материал топтогон жок деп билдирди.

Бирок материалдарда аты-жөндөрү көрсөтүлгөн кызматкерлер Улуттук коопсуздук кызматында иштей тургандыгын ырастап, маалыматтар депутаттык комиссияга кайдан жана ким аркылуу келгендиги боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөөрүн кабарлады.

Андан тышкары Улуттук коопсуздук кызматы терроризмге, диний экстремизмге жана мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч пайда кылган көрүнүштөргө каршы иштерди жүргүзөөрүн белгилеп, атайын аңдуу Башкы прокурордун уруксаты менен гана жүргүзүлөөрүн билдирди. Токон Мамытов ошондой эле Башкы прокурор уруксатты ачылган кылмыш ишинин негизинде берээрин билдирип, комиссиянын иши бир жактуу болуп калган деп баалады. Анын айтымында, комиссия топтогон башка жагдайлар боюнча бир да кылмыш иши жок.

XS
SM
MD
LG