БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны ушул жылдын январь айында палатанын алты депутатынын иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу аппараттар боюнча иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыгын укту. Ага Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов, президенттик администрациянын башчысынын орун басары Болот Жанузаков катышты. Маселени жабык эшик артында кароо сунушу өтпөй, маселе ачык каралды.
Адегенде тыңшоочу аппараттар боюнча ачылган кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жөнүндө Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев маалымат берип, ал тергөө 20-июнда бүтөөрүн, ошондо акыркы маалыматтар ачык айтылаарын жана бул окуяга катышы бар бардык адамдар жаза алаарын билдирди.
Андан соң маалыматты депутаттык комиссиянын жетекчисинин орун басары А.Абдимомунов берип, ал тыңшоочу аппараттарды Улуттук коопсуздук кызматы койгон деп билдирди.