Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Парламентке келип тартип бузгандар соттолот


ЛОНДОН. Британиянын полициясы презервативдерге ун салып туруп өлкөнүн премьер-министри Тони Блэрге чачкан 2 адамга тартип бузду деген айып койду. Алар келээрки шаршемби күнү сотко келишип, сурак беришет.

Аталган 2 адам шаршемби күнү парламенттин отурумун көрүүгө келишип, Тони Блэр парламентте сүйлөп жаткан учурда, ага презервативдерге салынган кызгылт түстөгү ун чачышкан. Алар Тони Блэрдин аркасына тийген, бирок премьер эч кандай жараат алган эмес. Буга байланыштуу парламентте коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Кечки жаңылыктарды даярдаган - Сапар Орозбаков, Прага

XS
SM
MD
LG