Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Төө буурчак алчулар Таласка келишти


ТАЛАС. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Аманбек Карыпкулов баштап келген ишкерлер бийлик өкүлдөрү жана дыйкандар менен жолугушууларда, биринчи кезекте алар Таласка келип иштегенде коопсуздугу камсыз болсо жана соода-сатыкка бийлик өкүлдөрү аралашпаса деген талап коюшту. Андан кийинки көйгөй дыйкандардын башын бириктирген юридикалык мекеменин жоктугу болду. Ал эми карабууралыктар түзгөн "Шелжи" кооперативинин иштөө принциби эл аралык талапка ылайык эмес. Таластагы жагдай эки күн иликтенген соң түркиялык "Арбел" жана "Саммекс" фирмалары менен узак мезгилдүү кызматташууга жарай турган система түзүп, август айында эки тараптуу келишимге кол коюуга макулдашылды. Кыргызстан боюнча быйыл 18 миң гектарга жакын аянтка төө бурчак эгүү күтүлүп жатса, анын 16 миң гектарга жакыны Таласта эгилүүдө.

XS
SM
MD
LG