Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

«Алга, Кыргызстан» партиясы «Единая Россия» менен кызматташат


БИШКЕК. «Алга Кыргызстан» партиясы менен Орусиянын «Единая Россия» партиясынын ортосунда эки тараптуу кызматташтык тууралуу протоколго кол коюлду. Ага «Алга Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Рустам Нурматов жана «Единая Россия» партиясынын Башкы кеңешинин катчысы Валерий Богомолов ушул апта башында Москва шаарында кол коюшту. Протоколдо өз ара маалымат алмашуу, партиянын ишмердүүлүгүн жүргүзүү жаатында тажрыйба бөлүшүү боюнча макулдашылды. Орусия президенти Владимир Путиндин таламын талашкан «Единная Россия» мындан бир нече ай илгери Орусияда болгон парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болуп жеңишке жетишкен. Ал эми расмий эмес маалыматтарга караганда, «Алга Кыргызстан» партиясынын башында мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева турат.

XS
SM
MD
LG