Таланттуу киши эч качан бой көтөрбөйт, чыгымдык кылбайт, - дейт элде. Көзү өтүп кеткен залкар таланттардын бири Абдашим Көбөгөнов, анын жакындан билген артисттердин, жакын жоро-жолдошторунун айтуусунда өтө жөнөкөй, элге, жерге жакын адам болгон экен.
Кийинки жылдары аны көрүп калган, насааттарын угуп калган, азыр Кыргыз Эл артисти Сатыбалды Далбаев ал жөнүндө минтип эскерет:
- Абдашим Көбөгөнов менен мен окууну бүтүп келгенден кийин 1957-жылы биринчи жолу аксакал менен бир ролду аткарып иштеп калдым. Абдашим Көбөгөнов өзү актер, режиссер, анан автор катары да белгилүү болучу, себеби «Болот менен тынар», «Карагайлуу булак» деген спектаклдери бир топ театрды коюлду. Анда театрдык билим болгону менен анда театрдык аңдай билүү сезимин күчөтүү болучу. Отузунчу жылдары колхоз-совхоз театрына Жумгал өрөөнүндө уюштуруп, ошол жерде баштаган. Кийин ошол Нарын театры болуп аталып калды. Бул киши Нарында эчендеген спектаклин коюп, эчендеген адистерди өстүрүп чыгарган. Ал жерде театры бар эле. Ал киши ошол жерде да Өзгөн театрынын көркөм жетекчиси, директору болуп иштеген. Бул жерде келгенден кийин да өмүрүнүн аягына чейин театрдын директору болуп иштеди. Өзү абдан жөнөкөй, сезгич, адамдар менен жугумдуу сүйлөшө билген киши эле, – дейт Сатыбалды Далбаев.
Көбөгөнов Абдашим 1913-жылы Чолпоната болушунун Долинка кыштагында туулуп, 1993-жылы Фрунзе шаарында о дүйнөгө кеткен. Кыргыз ССРинин Эл артисти. Фрунзе шаарындагы Рабфакты аяктаган соң Жумгалдагы колхоз-совхоз театрын уюштурган. Нарын, Жалалабад, Ысыккөл театрында көркөм жетекчиси жана актер болуп, көп жылдар бою ийгиликтүү эмгектенген. Ал эми 1952-жылдан 1976-жылга чейин, өмүрүнүн аягына дейре театрдын директору болуп иштейт.
Көбөгөнов көрүүчүлөрдүн купулуна толгон эпостук жана тарыхый-революциялык каармандарды, алсак Саринжи, Курманбек, Акхан, Калманбай, Фрунзе, Дадый сыяктуу ондогон ролдорду чебер аткарган. Ал «Болот менен Тынар» жана «Карагай булак» сыяктуу пьесалардын автору. Бир нече ирет ордендер жана медалдар менен сыйланган. Сатыбалды Далбаев ал жөнүндө дагы мындай дейт:
- Өзү бир сөз менен айтканда абдан таланттуу киши болчу. Акыры оорунун айынан андан биротоле айрылып калдык.
Кызы Жыргал Көбөгөнова мындай дейт:
- Атам өтө жөнөкөй киши эле. Бир топ балдар ушунун колунан өстү. Дүйшөн Байтөбөтов, Турган Бообекова, ушу кишингин колуна окуп калышты. Мен да ойлойм, ушул кишинин колунан окудум, театрдык окууну бүтпөсөм дагы. Мен цирк тарабынан окудум. Театрга келгенде атам мени менен аябай көп иштеди. Башка режиссер менен иштешсем дагы мага багыт берип, үйдө дагы өзүбүзчө иштечү элек. Атамдын эмгеги көп, бирок бул кишинин аты эч жерге коюлган жок. Ошого мен капамын. Анын замандаштары, коллектив көтөрүп чыкса деле болот деп ойлойм. Бүт облустарда эмгеги чоң болчу.