Израил өз аскерлерин Газа тилкесиндеги Рафах шаарынан чыгара баштады, анткен менен бүгүн дагы бир жаш араб кызы атып өлтүрүлдү. Акыркы бир нече күндүн ичинде Израилдин чабуулдарынан кырктан ашык араб курман болду жана эл аралык коомчулук аны катуу сынга алып, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши атайын резолюция да кабыл алган. Жөөт жетекчилигинин айтымында, аскер эми Палестинанын башка аймактарындагы террорчулардын түзүлүштөрүн жок кылуу аракеттерин улантат.