Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Жапаниянын премьер-министри Түндүк Кореяга болгон сапарын карытты


Жапаниянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуминин айтымында, мындан ондогон жыл мурда барымтага алынган жапан жарандарынын туугандарын бошотууга Түндүк Кореянын жетекчилиги макул болду. Коидзуми Пхеньянга келип, Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ир менен жолуккан жана кыйын экономикалык кезеңдеги өлкөгө азык-түлүк менен башка гуманитардык жардам берүүгө убада кылды. Жапан жарандарын Түндүк Корея - өз тыңчыларын даярдоо үчүн 1970- жана 1980-жылдарда уурдап кеткен, мындан эки жыл мурда алар өздөрү бошотулган жана Коидзуми эми алардын сегиз тууганын өзү менен кошо Жапанияга ала кетет.

XS
SM
MD
LG