Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Багдадда жаңы жардыруу болуп, беш адам набыт кетти


Багдад шаарында бүгүн эртең менен бомба жарылып, беш адам курман болду, жараат алгандардын арасында ички иштер министринин орун басары Абдул-Жаббар Юсеф ал-Шейхли да бар. Америкалык капитан Брайан О'Меллинин айтымында, жарылган бомба машинеге катылган: "Жарылуу саат сегизде болду, ушул үйдүн жанында турган машине жарылып кеткен. Бул үй - ички иштер министринин орун басарынын үйү экен, ал азыр ооруканада, абалы салыштырмалуу жакшы эле". Набыт кеткендердин төртөө полициячы, бирөө - карапайым аял. Жума күнү болсо ар башка кагылышуулардан Иракта 24 адам курман болду.

XS
SM
MD
LG