НАРЫН. «Улуу жеңишке таазим жана социалдык жигердүүлүк» деген ураан астында өткөн марафонго облустук, райондук бардык ишкана-мекемелер жана ишкерлер милдеттүү түрдө катыштырылды. Топтолгон каражат эстеликтерди оңдоого, облус борбору менен райондордогу маданий, социалдык жана эс алуу жайларын жаңылоого жумшалаары маалымдалды. Губернатор Аскар Салымбеков Нарын шаарында маданий иш-чара өткөрүлө турган бир жарым миллион сомдук жаңы аянтча курулаарын билдирди.
Шаардын жолун оңдоого 270 миң сом, акыр-чикирлерди тазалоого 30 миң сом бөлүнөөрүн жана 1 тонна солярка берээрин билдирип, өз үй-бүлөсүнүн эсебинен 10 миң сом ыроолоду. Марафондо 4 миллион 256 миң 166 сом чогултулуп, мунун 112 миң 277 сому накталай акча түрүндө түштү.