БИШКЕК. 26-майда Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан билим алууну каалагандарды тест сынагынан өткөрүү башталат. Аны жүргүзө турган АКШнын АКСЕЛС уюму менен билим берүүнү баалоо борборунун өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, тест сынагына катышуу үчүн 39 миң 566 абитуриент катталды. Алар өлкөнүн бардык аймагында түзүлгөн 41 жайда сынактан өтүшөт. Беш күндүк сынактын жыйынтыгында эң көп упай топтогон абитуриенттер каалаган жогорку окуу жайынан мамлекеттин эсебинен билим алууга укук алышат. Ал эми талапкерлерге сынактын жалпы жыйынтыгы жазылган сертификаттар июнь айынын аягында берилип, окуу жайга кабыл алуу конкурсу 12–июлда жүргүзүлөт.