Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү Бишкекте


БИШКЕК. 24-майдан 29-майга чейин БУУнун маңзаттардын соодасына жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармасынын директору Антонио Мария Коста Борбор Азия мамлекеттери боюнча расмий сапарда болот. Антонио Мария Коста визит алдындагы маалымат жыйынында «Борбор Азия маңзаттар соодасы, уюшкан кылмыштуулук жана терроризмге каршы эл аралык күрөштө олуттуу орун ээлерин» билдирип, БУУну Ооганстандан тараган героиндин жана ВИЧ-СПИДдин жайылуусуна өбөлгө түзүп жаткандыгына катуу тынчсызданаарын белгиледи. Антонио Мария Коста визитин Өзбекстандан баштап, Кыргызстанда 26-майда болот. Анда президент Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, маңзаттарына көзөмөл жүргүзүү боюнча атайын агенттикти ачуу салтанатына катышат. БУУнун маңзаттардын соодасына жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармасы Борбор Азияда 35 миллион долларлык долбоорлорду ишке ашырып жатат.

XS
SM
MD
LG