НЬЮ-ЙОРК. “Чоң жетиликтин” каржы министрлеринин Нью-Йорк жыйыны кечээ мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн ОПЕК уюмуна мунайды көп өндүрүү талабын койду. АКШ, Жапония, Улуу Британия, Франция, Италия, Германия жана Канада мамлекеттеринин министрлери экономикалык маселелерди талкуулашып, мунай баасынын кескин өсүп кеткендигине өзгөчө тынчсыздануусун билдиришти. Азыр бир баррелдин наркы 40 долларга жетти.
8-10-июнда Орусия кошулган сегиз мамлекет АКШнын Жоржия штатында саммит өткөрмөй болуп жатышат. Анда экономикалык маселелердин эң негизгиси мунай менен байланыштуу болоору болжолдонууда.
8-10-июнда Орусия кошулган сегиз мамлекет АКШнын Жоржия штатында саммит өткөрмөй болуп жатышат. Анда экономикалык маселелердин эң негизгиси мунай менен байланыштуу болоору болжолдонууда.