Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

АКШ аскерлери козголоңчуларды сүрүп чыгаруу аракетинде


БАГДАД. АКШ аскерлери радикалдык шийилердин баштыгы Моктада ас-Садрдын күчтөрүн Нажаф менен Куфа шаарларынан чыгаруу аракетин улантууда. Ал эми Фаллужада америкалык автоколлонна буктурмага кабылды.

Генерал-майор Мартин Демпсейдин айтымында, АКШ аскерлери шийилердин ыйык жайларына залал келтирбестин аргасын табууда. Акыркы маалыматтар боюнча бүгүн Куфада 32 козголоңчу өлдү. Коңшу Нажафта болгон ушундай эле кагылышта 14 жай адам окко учту. Америкалык 2 аскер набыт болуп 5 аскер жарат алды.

XS
SM
MD
LG