Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

37 баш жылкы уурдагандар жаза алышты


ОШ. Айрыкча үстүбүздөгү жылы Өзгөн жана Каракулжа райондорунда жылкыларын жоготуп, милиция органдарына кайрылгандар көбөйүп кеткен. Атайын жүргүзүлгөн оперативдүү иш чаралардын негизинде бул аймактагы мал уурулук боюнча уюшкан топту Хасанов Нурлан аттуу жигит жетектээри шектелгенде, ал Казакстанга бир "КамАЗ" жылкы жүктөп качканы белгилүү болот. Милиция кызматкерлери Хасанов Нурланды Казакстандан барып кармап келишти. Анын жан шериктери Жээнбеков Арзыбек, Дүйшеев Урматбек деген атуулдар экендиги аныкталып, баарысы утурумдук абакта тергөөгө алынды.

Өзгөн райондук сотунда кылмыштуу топтун башчысы Хасанов Нурлан 11 жылга, Жээнбеков Арызбек 10 жылга эркинен ажыратылды. Дүйшеев Урматбек менен Абдыллажанов Кабылжандын тергөө иштери соңуна чыга элек. Алардын көрсөтмөлөрү боюнча, булар менен кылмышты бирге жасаган дагы 3 киши издөөгө алынууда.

XS
SM
MD
LG