Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Укук коргоочулардын арызын Бишкек соту карайт


БИШКЕК. Ушул жылдын 15-апрелинде «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловду бошотуу талабы менен жөө жүрүшкө чыккан укук коргоочунун апелляциялык арызын Бишкек шаардык соту 28-майда карайт. Мындай маалымат бүгүн «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасуловадан алынды. Анын маалыматына караганда, укук коргоочулар Биринчи май райондук соттун үч укук коргоочуну айыптуу деп таап, айыппул салган чечимине нааразылык билдирип, аны жокко чыгаруу арызын шаардык сотко беришкен.

Феликс Куловду бошотуу талабы менен ал жаткан Жаңыжер түрмөсүнө чейин жөө жүрүшкө чыгууга аракет кылган 30 атуулдун 18ин милиция кармап, үчөөнө - «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова жана Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акунга 1000 сомдон айыппул салган.

XS
SM
MD
LG