Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

“Азаттык” үналгысынын жер-жерлердеги шеринеси башталды


БИШКЕК. Бүгүнтөн тарта «Азаттык» үналгысынын жаштыктын жазына жана улуттук маданиятка арналган шеринеси башталды. Алгачкы шерине бул күнү Баткен облусунун аймагында болуп, «Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматынын директору Тынчтыкбек Чоротегин, үналгынын Бишкектеги бюросунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов Баткен шаарындагы «Салам» көз карандысыз радиосунун угармандары менен түз эфирде баарлашты. Анда радионун 20 жаштан 50 жашка чейинки угармандары үналгынын тарыхы, Кыргызстандын улуттук идеологиясы, массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги, мамлекеттик тилдин тарыхына байланышкан жана башка суроолорду беришип, жооп алышты. Андан тышкары «Азаттык» үналгысынын берүүлөрүн кыска радиотолкундан Баткенде кармап угуу кыйынга тураарын белгилешти.

XS
SM
MD
LG