Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:19

Турсунбай Бакир уулу да иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюлганын айтты


БИШКЕК. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун иш бөлмөсүнө коңшу эс алуучу бөлмөдөн былтыр март айында тыңшоочу аппарат табылган. Ал бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында билдирип, тыңшагыч табылган кезде Жогорку Кеңештин депутаттарын чакырып көрсөтүп, тыңшагычты аппарат жетекчисине берип койгондугун кабарлады. Бирок, акыйкатчы болуп ишин баштай элек жатып коомдо саясий чуу салып, упай топтоп жатат деген көз карашты жаратпас үчүн ал окуя тууралуу атайын маалымат жыйынын өткөрүп, жарыя кылбагандыгын баса белгиледи. Эми Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы тыңшоочу аппараттар коюлуп, депутаттар аңдууга алынгандыгын аныктагандан кийин өз кабинетинен табылган тыңшагыч да ага далил болот деген ой менен ачыкка чыгаргандыгын кабарлап, «Улуттук коопсуздук кызматы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу аракетин көрбөй эле депутаттарды аңдуу, «Хизб ут-тахрирчилерди» кармоо менен алек болууда», деп сындады.

XS
SM
MD
LG