Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Мисир Ашыркулов кызматынан кетти


БИШКЕК. Бүгүн кыргыз президентинин жардыгы менен Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов ээлеген кызматынан бошотулду. Жардыкта анын эмне себептен бошотулганы көрсөтүлгөн эмес. Ал эми «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук кошуундун мүчөсү Мелис Эшимканов Мисир Ашыркуловдун иштен кетишине атуулдук кошуундун түзүлүшү жана Ашыркуловдун мындай чечимге өлкө президенти менен кеңешпей эле туруп бардым деген билдирүүсү түрткү бериши мүмкүн экендигин билдирди. Кошуундун дагы бир мүчөсү, депутат Адахан Мадумаров президент бул чечими менен адилет шайлоо өткөрүүгө даяр эмес экендигин далилдеди деген ойдо:

- Демек, Кыргызстандын мамлекетинде бардыгы конституциялык жол менен мыйзам чегинде, ачык айкын болсун деген жана Кыргызстандын тагдырына кайдыгер мамиле жасабаган адамдардын бардыгы дал ушундай жабыр тартып калышы мүмкүн. Ошондуктан, Кыргызстанда адилеттиктин орношуна чоң күмөн бар эле. Бүгүнкү чечими аны ачык-айкын далилдеп койду.

Ал эми президенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү Ашыркуловдун иштен алынышы боюнча эч кандай түшүндүрмө бере албасын билдиришти.

XS
SM
MD
LG