БЭЭЖИН. Кытайдын мамлекеттик кеңешинин Тайван боюнча бөлүмүнүн өкүлү Чжан Минцин “Тайвандын президенти Чэн Шуйбяндын кызматка кирүү учурундагы сүйлөгөн сөзү Кытайдын Тайванга мамилеси туруктуу болушуна мүмкүнчүлүк бербейт” деп билдирүү жасады. Ал Кытай Тайвандын президенти Конституцияны өзгөртүп, өлкөнү көз карандысыз мамлекет деп жарыялашынан чочулап жаткандыгын айтты. Жан Минцин Кытай өз территориясынын бүтүндүгүн сактап калууга баардык аракетин жасаарын кошумчалады.