ЗАГРЕБ. Хорватия менен Сербия-Черногория эки тараптуу кызматташтык макулдашуусуна кол коюшту. Бул документ Сербия-Черногория президенти Светозар Марович менен Хорватия президенти Стипе Месичтин жолугушуусунун соңунда кабыл алынды.
Тараптар июлдан баштап эркин соодага өтмөй болушту. Жолугушууда чекарага байланышкан талаштуу маселелер да талкууланды. Черногория президенти Марович эки өлкөнүн мамилеси жалпы Балканга үлгү экенин белгиледи. Белград жетекчиси Загребге Югославия бөлүнгөн 90-жылдардан кийин алгачкы ирет келип отурат.