ЯЛТА. Россия президенти Владимир Путин кечээ төрт мамлекеттин башын кошуп жаткан экономикалык мейкиндиктин жакынкы аралыктагы башкы милдетин белгиледи. “Башкы милдет – мүмкүн болушунча тезирээк бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин нормативдик-укуктук ишкер базасын түзүү” деди.
Мындай пикирин Путин өзү менен бирге Казакстан, Белорусия жана Украина президенттеринин Кара-Деңиз боюндагы жолугушуусунун учурунда билдирди. Анын айтымында, мейкиндикке байланышкан документтерге 2005-2006-жылдарга чейин кол коюу керек. Бирок Путин постсоветтик “төртүлүктүн” бул макулдашууларын кандайдыр бир уюм түзүү катары кабылдоого болбой тургандыгын, мунун максаты экономикалык мейкиндик түзүүдө экенин белгиледи.