Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Мунай кескин кымбаттады


ВАШИНГТОН. Нью-Йорк биржасында бир баррель мунайдын баасы 41 доллар 72 центке жетти. АКШнын энергетика министрлигинин маалыматына караганда, бензиндин баасы да өсүп, бир литрдин наркы 54 жарым центке чыкты. Кечээ Амстердамдагы бейформал жолугушууда ОПЕК уюмунун лидерлери мунай өндүрүүнү көбөйтүү маселесин 3-июнда Бейрут отурумунда кароону болжошкон. Бирок мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн ичинен Сауд Аравиясы калган өлкөлөрдүн чечимин күтпөй эле күнүнө 800 баррелге көп өндүрүүнү баштаарын жарыялады. Ал эми калган мунай өндүрүүчү өлкөлөр ал үчүн жалпы чечим керектигин белгилешти.

XS
SM
MD
LG