РАФАХ. Газа тилкесинде бир аптага созулган аскерий операциялар токтотулуп, Израил өз аскерлерин чыгарып кетти. Израил аскерлеринин түштүк командачысы генерал-майор Дэн Харэлдин кечээ кечинде билдиргенине караганда, бул операция учурунда 56 турак үй талкаланды.
Бул үйлөрдү палестин согушкерлери Египеттен жашыруун курал ташууга пайдаланышкан. Дүйнө коомчулугу аскерлердин бул аракетин сынга алган. Операциянын убагында 41 палестиндик өлдү. Алардын он алытысы кечээ жерге берилди. Ага Газа тилкесинин миңдеген тургундары катышты.