ВАШИНГТОН. 30-июндан баштап Иракта бийлик убактылуу өкмөткө берилет. Бул тууралуу АКШ президенти Жорж Буш Пенсильвани штатында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Буштун айтымында, АКШ аскерлери зарыл мөөнөткө чейин Иракта калат. Бул маселени Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши аныктайт. Мындан тышкары АКШ президенти чуулгандуу "Абу-Грейб" түрмөсүнүн имаратын буздуртууну убада кылды.
АКШ менен Британия Ирактагы бийликти убактылуу өкмөткө берүү боюнча резолюциянын жаңы долбоорун буга чейин Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешине тапшырган. АКШнын Улуттар Уюмундагы өкүлү Жеймс Каннинэмдин айтымында, долбоордо Бириккен Улуттар Уюмуна башкы рол ыйгарылды.