Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:26

ЕККУнун өкүлдөрү Нарында


НАРЫН. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) саясий маселелер боюнча ассистенти Петер Герх Нарын мамлекеттик университетинде болуп, окуу жайдын жаштар жана студенттер бирлигинин мүчөлөрү, жергиликтүү жаштар комитетинин кызматкерлери менен жолугушту. "Жаштардын шайлоого катышуусу" аттуу талкууда ЕККУнун укук милдеттери жөнүндө түшүндүрмө берди. Ал эми ЕККУнун дагы бир өкүлү Браун мырза губернатор Аскар Салымбековдун кабыл алуусунда болгондугун губернатордун маалымат катчысы Айсалкын Карасартова билдирди. Анын айтымында, тараптар милицияны реформалоо багытында сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Губернатор ички иштер органын реформалоо кечигип жаткандыгын, элдин милицияга болгон суроолору көбөйө баштаганын белгилесе, Браун мырза бул өңүттө азырынча даяр сунуш бере албастыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG