Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Германия Кыргызстанга каражат берет


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Каржы министрлиги менен Германия өкмөтүнүн ортосунда каржы тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Анын негизинде ушул жылы Германия Кыргызстанга 16 миллион евро бөлө турган болду. Бул каражаттын 8 миллиону жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын абалын жакшыртууга, 4 миллион евросу Бишкектин энергия менен камсыз кылуу тармактарын оңдоого, 3 миллиону медициналык тез жардам системасын түзүүгө сарпталат. Берилген каражаттын 7 миллион евросу грант түбүндө берилип, калганын өкмөт кийин кайтарып берет.

XS
SM
MD
LG