Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Кыргызстанда Европанын күндөрү өтүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Европанын Кыргызстандагы күндөрү башталды. Бул иш чараны ачуу салтанатына президенттик администрациянын эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Аликбек Жекшенкулов, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, Европа Биримдигинин Кыргызстан менен Казакстандагы өкүлү Алан Вадмс жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Анда Кыргызстан менен Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин катнашын күчөтүү үчүн мындай иш-чараларды тез-тез өткөрүп туруу зарылдыгы белгиленди. Бирок Алан Вадмс Европа күндөрүн өткөрүүгө даярдык көрүүгө эки жыл кеткендигин билдирип, мындай иш-чараларды өткөрүү кыйын экендигин белгиледи.

Бир аптага созула турган Европа күндөрүндө Европа Биримдигине кирген 25 мамлекет тууралуу ар тараптуу маалыматтар берилип, анын алкагында Европа киносунун фестивалы болот. Кинотасмалар Бишкектеги "Алатоо" кинотеатрында бекер көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG