АКШ өкмөтүнүн айтымында, Түндүк Кореядан Ливияга уран сатылганы тууралуу кабарлар тыкан текшерилүүгө тийиш. Жаңы пайда болгон маалыматтарга караганда, 2001-жылдын башында Түндүк Кореядан Ливияга эки тоннага жакын уран жеткирилген жана ал байытылса, өзөктүк бомба өндүрүүгө жетмек. АКШ Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Ричард Баучердин айтымында, Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик дагы бул маселени тергөөгө тийиш.