Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Катар мамлекетинде Иракка жардам көрсөтүү боюнча конференция өтүп жатат


Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк донорлор конференциясында бүгүн Ирактын пландоо министри Махди ал-Хафид чыгып сүйлөп, эл аралык коомчулук убада кылган жардам Иракка ылдамыраак берилсе жакшы болоор эле деп билдирди.
Өткөн жылдын октябрында Мадрид шаарында уюштурулган донорлор конференциясында Иракка 33 миллиард доллар жардам убадаланган жана үстүбүздөгү жылы анын бир миллиарды өлкөгө берилүүгө тийиш. Бирок коопсуздук маселелеринен улам жардам келбей жатат.

XS
SM
MD
LG