Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Президент Буш: Иракты калыбына келтирүү иштери беш багытта улантылат


АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Пенсильвания штатында чыгып сүйлөп, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштери беш багытта улантылат деп жарыялады:

- Биз бийликти Ирактын жаңы өкмөтүнө өткөрүп беребиз, коопсуздукту камсыз кылууга жардамдашабыз, Ирактын ифраструктурасын кайра курууну улантабыз, эл аралык жардамды көбөйтүүнү колдойбуз жана Ирак эли жаңы жетекчилерди тандап алуусу үчүн жалпы элдик шайлоо өткөрөбүз.

Анткен менен, Буштун айтымында, Ирактагы мыйзам бузуулар дагы күчөшү мүмкүн. Президент Бушка болгон америкалык эл арасындагы колдоо азыр анын үч жарым жылдык бийлиги учурундагы эң төмөн деңгээлде.

XS
SM
MD
LG