Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Ирак боюнча АКШ даярдаган резолюцияны Франция жакшыртуу керек дейт


Франциянын тышкы иштер министри Мишел Барньенин айтымында, кечээ күнү АКШ менен Британия сунуштаган Ирак боюнча резолюцияны дагы оңдоо керек:

- Мен ал резолюцияга макул же макул эмесмин деп айткан жокмун, мен жөн гана бул резолюциянын үстүндө дагы иштеп, аны жакшыртуу керек деп жатам.

Резолюция боюнча, 30-июндан кийин Ирактагы бийлик жаңы өкмөткө өткөрүлүп берилет, бирок коалициялык аскерлер Иракта дагы калат. Жаңы өкмөт мүчөлөрүн азыр Бириккен Улуттардын атайын өкүлү Лахдар Брахими тандап жатат. Резолюцияны Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши кабыл алууга тийиш, анын беш туруктуу мүчөсү - АКШ, Кытай, Орусия, Франция жана Улуу Британия - вето укугуна ээ.

XS
SM
MD
LG