Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

БУУ Борбор Азия өлкөлөрүн кызматташтыкка чакырды


ТАШКЕН. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басары, маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыктын аткаруучу директору Антонио Мариа Коста Борбор Азия өлкөлөрүн маңзат соодасына каршы күрөш боюнча тыгыз кызматташууга чакырды.
Мындай пикирин ал Өзбекстанга жасаган иш сапарынын учурунда билдирди жана Ташкенге маңзаттарды көзөмөлдөөчү өз алдынча агенттик түзүүнү сунуштады.

Коста Тажикстандагы агенттик маңзаттар соодасына каршы күрөштү жакшы жүргүзүп жатканын белгиледи. Ал бүгүн Кыргызстандагы маңзаттарга каршы күрөш агенттигинин ачылышына катышаары болжолдонууда. Ооганстанда өстүрүлгөн апийимдин 25 пайыз чамалашы Борбор Азия мамлекеттери аркылуу өтөөрү маалымдалды.

XS
SM
MD
LG