Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:51

Нарындагы Лениндин эстелиги башка жакка которулат


НАРЫН. Нарын шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Эркиндик аянтына тургузулган Владимир Ильич Лениндин эстелиги шаардагы педагогикалык окуу жайынынын алдына которулсун. Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин кезексиз чакырылган 34-сессиясы Эркиндик аянтын кайрадан реконструкцияланып жатканына байланыштуу ушундай чечим кабыл алган. Шаардын башкы архитектору Болот Байболотов Лениндин эстелигинин жаңы орду архитектуралык жактан долбоорлонуп бүткөндүгүн, аянттагы Лениндин ордун өлкөнүн символдору ээлерин 26-майда "Азаттыкка" билдирди. Ал эми бул иштерди жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган курулушчу жеке ишкер Субанбек Нурдиновдун айтымында, эстеликтер 31-августка карата толук бүткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG