Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Голландиялык иш башкаруучулар кеңеш беришет


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Голландиянын менеджмент боюнча кызматташуу программасынын Борбор Азиядагы өкүлчүлүктөрүнүн кеңешмеси болду. Ага программанын Борбор Азиядагы өкүлдөрү, Голландиядан келген менеджерлер тобу жана кыргыз өкмөтү менен ишкана, уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда Кыргызстандын ишканаларына башкаруу боюнча кеңеш берүү тажрыйбасын үйрөтүү жана аны иш жүзүндө көрсөтүү багыттары талкууланды. Голландиянын аталган программасы дүйнөдөгү өнүгүп жаткан мамлекеттерге жардам көрсөтүү максаты менен ачылган. Анын алкагында Голландиянын менеджмент боюнча тажрыйбасы мол жана эс алууга чыккан жарандары ар кандай өлкөлөрдө бир жумадан үч айга созулган окууларды өткөрүшүп, өз тажрыйбаларын үйрөтүшөт.

XS
SM
MD
LG