Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

М.Ашыркулов кызматтан "Адилет шайлоо үчүн" бирикмесине киргени үчүн алынганын билдирди


БИШКЕК. Мисир Ашыркулов Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан президент А.Акаевдин жарлыгы менен алынышына «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесине киргендиги башкы себеп болду деген ойдо. Мындай пикирин ал бүгүн «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда адилет шайлоолор өтүп, парламентке жөндөмдүү жана ар тараптан даярдыгы мыкты адамдар келүүсү үчүн кылган аракетин түшүнбөгөндөр болду.

«Бирок шайлоо адилет өтүп, Кыргызстандын саясий–коомдук турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болушун өкмөт үйүндө иштеген мамлекеттик кызматкерлерден баштап, облустардын губернаторлоруна чейин колдогондор көп болууда жана эл аралык уюмдар да колдоо көрсөтөөрүн билдирип жатышат», деп кошумчалады Мисир Ашыркулов.

XS
SM
MD
LG