Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

А.Атамбаев Ч.Алиевдин өлүмүнө милиция өзү кызыкдар болгон деген пикирде


БИШКЕК. «Кыргызстандын милициясы ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармасынын жетекчиси Чыныбек Алиевдин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деген шек менен кармалган Эркин Мамбеталиевдин өлүмүнө кызыкдар». Мындай билдирүүнү бүгүн «Форум» өндүрүштүк тобунун президенти Алмаз Атамбаев маалымат жыйынында жасады. Анын айтымында, Алиевдин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен кармалган жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин сабалганы жана мойнуна сыйыртмак салып муунтулганы негиз берет.

Алмаз Атамбаевдин маалыматы боюнча, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында жаткан Эркин Мамбеталиев өткөн ишемби күнү тергөөчүнүн чечимисиз эле Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына жеткирилип, ал жердеги кылмышкерлер тарабынан катуу токмоктолуп, муунтуп өлтүрүүгө аракеттер болгон. Атамбаев бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысына маалымат берип, Турсунбай Баир уулу жана депутат Акылбек Жапаров абакка барышып, Эркин Мамбеталиевдин сабалганын көрүшкөн. Ушундан улам Атамбаев өзүнүн жансакчысынын Алиевдин өлүмүнө эч кандай тиешеси жоктугу тергөөдө ачык боло баштаганда милиция анын өлтүрүлүшүн самап калды деп, Алиевди өлтүрүүнү милиция өзү уюштурган деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG