АКШ дүйнөдө өзөктүк материлдардын коопсуздугун сактоо үчүн 450 миллион доллар ажыратат. Бул тууралуу бүгүн Венада, МАГАТЭ уюмунун жыйынында АКШнын энергетика министри Абрам Спенсер билдирди. Кошмо Штаттар өзөктүк материалдардын коопсуздугун алар террорчулардын колуна тийип калбашы үчүн күчөтүү керек деп эсептейт. Абрам Спенсердин айтымында, Орусия бул программаны ишке ашырууда АКШ менен кызматташууга макулдук берди жана ага ылайык бүткүл дүйнөдөн коркунуч жараткан радиоактивдүү материлдар чогултулат.
Кечки жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.
Кечки жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.